7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Айсулуу Тыныбекова Баткенкендеги жаш спортчуларга мастер-класс өтөт
10.12.2021 | 10:26
Олимп оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткен облусуна барат. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тыныбекова президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушат. Ошондой эле Лейлек районунун Максат айылында мектеп окуучулары менен кездешет. Андан соң Баткен районунун Ак-Сай айылында жаш балбандар үчүн мастер-класс өткөрүү пландалууда. Мындан тышкары Баткен шаарынын жаш спортчулары жана тургундары менен чоң жолугушуу өткөрүлүп, Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барат.
Айсулуу Тыныбекова бир канча күн АКШда жүрүп келди.
Айсулуу Тыныбекова Америкада чеберчилик сабак өткөрдү (ВИДЕО)
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт