Кыргызстанда адабият жумалыгы башталды

Кыргызстанда адабият жумалыгы башталды

Кыргызстанда адабият жумалыгы башталды. Ал 15-декабрга чейин уланат. Бул туурасында  Маданият, маалымат, спрот жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Улуттук адабият күнүнө карата уюшулуп жатат. Адабият жумалыгына арналган иш-чаралар Кыргызстандагы Улуттук, Республикалык, облустук, райондук, шаардык, жана айылдык китепканаларында өткөрүлөт.

Иш-чаралардын графиги жана өтө турган жери:

Бишкек шаарында 10 декабрда саат 11:30 Ч. Айтматовдун айкелинин алдына гүл коюу аземи уюштурулат жана “Айтматовду окуйбуз” аталышындагы флешмоб өткөрүлөт.

К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 1200 -1600 чейин мектеп окуучулар, студенттер, шаар тургундары үчүн майрамга арналган чоң иш-чара өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында: Китеп көргөзмөлөр, акын-жазуучулар менен кездешүүлөр жана ар түрдүү аянтчалар окурмандарга тартууланат.

Алар: Жылдыздар аянтчасы, Театр, кино аянтчалар, Чыгармачылык, оюн-зоок аянтчалары, Техникалык (Мейкр спейс), музыкалык аянтчалар. Кенже балдар үчүн “Рабаят” куурчак театрынын спектакли көргөзүлөт. Конкурс, викторина, мастер-класстарга катышкан балдарды белектер күтөт.

“Айтаматовду окуйбуз” акциясы уюштурулуп Ч. Айтматовдун, А. Осмоновдун, кыргыз акын жазуучуларынын чыгармалары боюнча көркөм окуу өткөрүлөт. Китептердин бет ачарлары, белгилүү акын-жазуучулар балдарга өз чыгармаларын окуп беришет.

Нарын, Баткен, Бишкек шаардык китепканалары “Окурман автобус”, “Окурман троллейбус” акцияларын өткөзүшөт. Бардык региондордун китепканаларында адабий кечелер, көркөм окуулар, конференциялар, тегерек столдор, балдар үчүн викторина, сынактар, оюн-зооктор уюштурулат. Ч. Айтматовдун жана классик жазуучулардын эстеликтерине гүл коюлат.

Аталган иш-чаранын максаты – Кыргызстандын улуттук адабиятын өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча коомдун көңүл буруусун, балдарды жана жаштарды китепке болгон кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат.

Уюштуруучулар: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Окуу керемет” ЮСАИДдин долбоору, К. Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>