Бишкекте автобуста телефон уурдоого шектелген жаран кармалды24-февралга карата аба ырайыБишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыкты
Бишкекке Белоруссиядан автобустар келет
10.12.2021 | 15:52
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Белоруссиянын өнөр жай министри Петр Пархомчик менен Бишкекке автобусту алып келүү боюнча сүйлөштү. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, эки тарап Бишкекте жолуккан. Арзыбек Кожошев жана Петр Пархомчик келишим долбоорунун пункттарын талкуулады, ага ылайык, белорус тарап Бишкек шаары үчүн белорус өндүрүшүндөгү автобустарды ташып баштоого даяр.
Бул боюнча дагы жолугуп талкуулашмай болду. Азырынча “канча автобус, кайсы үлгүдөгү автобус, баасы канчадан, кайсы акчадан алынат”- деген суроолорго жооп айтылган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика