COVID-19: Жасалма сертификат берген дарыгерлер кызматтан айдалды

COVID-19: Жасалма сертификат берген дарыгерлер кызматтан айдалды

COVID-19га каршы эмдөө сертификаттарын сатуу боюнча жарыяланган фактылар боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен бир канча медициналык мекеменин жетекчилери кызматтан алынды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу жасалма сертификат берилген фактылардан улам бир катар дарыгерлер иштен алынганын билдирди. Ага ылайык, Бишкектеги №2, №8, №10, №11, №19, №20 медицина борборлорунун жетекчилери, бир медайым иштен алынды. Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти.

Саламаттык сактоо министрлигинде журналисттик иликтөөнүн жүрүшүндө жарыяланган Ленин райондук бириктирилген үй бүлөлүк медициналык борбору  жана №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун медицина кызматкерлери тарабынан COVID-19га каршы эмдөө сертификаттарын сатуу фактылары боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн.

Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул боюнча МедиаХабдын журналисттери атайын иликтөө кылып, фактыларды таап чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>