Кыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулатЧүй облусунда 100 орундуу оорукана жана жаңы мектеп курулат«Шылтоолор гана». Садырбаева картошканы сатуу маселесине байланыштуу Айыл чарба министрлигин сынга алдыТакси айдоочулары менен курьерлерден 7 айда 462 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмү түштү
Бишкекке Белоруссиядан автобустар келет
10.12.2021 | 15:52
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Белоруссиянын өнөр жай министри Петр Пархомчик менен Бишкекке автобусту алып келүү боюнча сүйлөштү. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, эки тарап Бишкекте жолуккан. Арзыбек Кожошев жана Петр Пархомчик келишим долбоорунун пункттарын талкуулады, ага ылайык, белорус тарап Бишкек шаары үчүн белорус өндүрүшүндөгү автобустарды ташып баштоого даяр.
Бул боюнча дагы жолугуп талкуулашмай болду. Азырынча “канча автобус, кайсы үлгүдөгү автобус, баасы канчадан, кайсы акчадан алынат”- деген суроолорго жооп айтылган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика