Кемин районунда ак илбирс байкалды: жырткыч дарактан аман-эсен түшүрүлдүКемин районунда ак илбирс байкалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди себүү аяктадыСаламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирдиРоссияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилди
Бишкектеги мушташтан экөө ооруканага түштү
16.12.2021 | 14:41
Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинен балдар ортосунда мушташ чыгып, экөө ооруканага түштү. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, мушташ кечээ, 15-декабрда болгон. Топтошкон балдардын ортосунда жаңжал чыгып, милиция барганда 18 жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Ал башынан, колунан жаракат алган. 19 жаштагы бала да ооруканага түшкөн. Экөө тең мас болгону аныкталган.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, иш териштирилүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар