ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Бишкектеги мушташтан экөө ооруканага түштү
16.12.2021 | 14:41
Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинен балдар ортосунда мушташ чыгып, экөө ооруканага түштү. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, мушташ кечээ, 15-декабрда болгон. Топтошкон балдардын ортосунда жаңжал чыгып, милиция барганда 18 жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Ал башынан, колунан жаракат алган. 19 жаштагы бала да ооруканага түшкөн. Экөө тең мас болгону аныкталган.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, иш териштирилүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар