Сот системасындагы коррупциялык схемалар ачыкка чыкты

Сот системасындагы коррупциялык схемалар ачыкка чыкты

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иштердин негизги багыттарынын бири өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана аларга бөгөт коюу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан сот системасын маанилүү, заманбап шарттарда санариптештирүү жана өнүктүрүү багытындагы иштерди жүргүзүүдө республиканын сот тутумундагы коррупция жана системалуу ири өлчөмдөгү уурдоо фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Бул коррупциялык фактылар боюнча бир катар тиешелүү кылмыш иштеринин алкагында, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын жүрүшүндө сот тутумунун кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу келип түшкөн маалыматтар тастыкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, сот тутумун санариптештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында каралган мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз өзгөчө ири өлчөмдө чыгаруу боюнча сот системасындагы коррупциялык схемалар аныкталды.

Коррупцияга Жогорку Соттун жетекчилигинин, Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин, «Адилет Сот» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык уюмдардын жана аларга өнөктөш адамдардын тиешеси бар экендиги такталды.

Жогорудагы адамдардын тобу «Жергиликтүү сот», «Кыргыз Республикасынын сот системасынын карызкорлорунун реестри», «Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин Электрондук статистика жана сот органдарынын отчеттуулук системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча келишимдерди алдын ала сүйлөшүп алуу менен жасалма жол түзүшүп, ушул максаттарга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Ошону менен катар, жасалма кабыл алуу актыларына кол коюу жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын «которуп алуу» менен коштолгон сот отурумдарын аудио-видео жазуу, автоматташтыруу жана аларды жаздыруу үчүн аппараттык-программалык комплексти сатып алуу процесси да коррупцияга дуушар болгон.

Аталган кылмыш иштеринин алкагында, сот системасынын 11 кызмат адамы жана жеке бизнестин өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылган, алардын ичинен 6 адам буга чейин соттолгондор.

Белгилей кетсек, тергөө учурунда 18 миллион 988 миң 553 сом. материалдык чыгым аныкталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мамлекетке толугу менен кайтарылды.

Азыркы учурда УКМК бул багыттагы иштери улантылып, сот системасындагы жана башка мамлекеттик органдардагы ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>