Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Сак болгула! Бир суткада жугуштуу оорулар менен 275 адам кайрылды
20.10.2019 | 12:56
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө бир сутка ичинде 275 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Кайрылгандардын ичинен 208и жаш балдар.
«Кайрылгандардын 104ү ооруканага жаткырылган, алардын 94ү жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 100 адам кайрылса, 50ү ооруканага жаткырылып, 50 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 41 адам кайрылган, алардын 19у ооруканага жаткырылды», -деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом