Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйтКыргызстандын тигүү ишканалары төрт банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды ала алышатЕБ башпаанек берүү эрежелерин катаалдатууда: мигранттар үчүнчү өлкөлөргө депортацияланат«Чакан ГЭС» жана кытайлык ишкана Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюшту
Сот Нурбек Алимбековдун пайдасына чечим чыгарды
22.12.2021 | 12:20
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбековдун иши боюнча Жогорку Сот Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул туурасында Алимбековдун шайлоо штабынын жетекчиси Нурлан Орозбаев Reporter.kg′ге билдирди.
Анын айтуусунда, №8 Төлөйкөн округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазовдун Нурбек Алимбековго каршы дооматы четке кагылып, сот Алимбековдун пайдасына чечип берди.
Буга чейин Бишкек шаардык административдик сот Шайлообек Атазовдун өтүнүчүн четке каккан болчу.
Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Алимбековдун шайлоо штабы бир катар мыйзамсыз аракеттерге барган деген дооматтарды койгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат