Жээнбек Кулубаев Москвадагы ТИМ башчыларынын жолугушууларына катышат

17.04.2026 | 10:26

КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев 17-апрелде КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына жана «Борбордук Азия — Россия» форматындагы министрлердин жолугушуусуна катышат, деп билдирет КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы.

Анын маалыматы боюнча, КМШ ТИМКтин (Тышкы иштер министрлер кеңешинин) алкагында эл аралык күн тартибиндеги жана Шериктештиктин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу пландаштырылган.

Жыйындын жыйынтыгында КМШнын жогорку органдарынын кароосуна киргизиле турган документтер кабыл алынары күтүлүүдө.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусунда катышуучулар 2025-жылдын 9-октябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитте мамлекет башчылары тарабынан бекитилген 2025–2027-жылдарга биргелешкен аракеттер планын ишке ашырууну талкуулашат.

Соода тоскоолдуктарын жоюу, транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана аймактык коопсуздукту бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл буруу пландалууда.

Scroll to Top