Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Жогорку Кеңеш бир пикирге келе албай, маселе жылды
30.12.2021 | 15:01
Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңеш төраганын орун басарларынын санын тактап, бир чечимге келе албай калды. Түшкө чейин төраганын орун басарларынын саны менен кошо комитеттердин аталыштары жана саны талашка түштү.
Андан соң түшкү экиге чейин тыныгуу жарыяланып, бирок, саат үчкө чукулдап калганда депутаттар чогулганы менен спикер Мамытов жаңы жылдан кийин, тагыраагы 12-январда маселе каралаарын жар салды.
Буга чейин Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлүп комитеттер менен вице-спикердин санын аныктаган болчу. Ага ылайык 4 вице, 7 комитет болмок. Бирок, бул сунуштар көпчүлүктөн колдоо таба албай, бирдиктүү чечим кабыл ала алышкан жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат