Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторунун назарына: Кырчын жайлоосунда транспорт кезектеринен кантип качуу керекЭми салыктык кызматтарды банктардын мобилдик тиркемелеринен алууга болотБишкек — Талас 2100 сомдон башталат: Asman Airlines кошумча каттамдарды киргизүүдөДепутат омбудсмен үчүн курактык чекти 40 жашка чейин көтөрүүнү сунуштоодоКөчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдык эсеп боюнча алдыда келе жататКөчмөндөр оюндары учурундагы сел коркунучу — ӨКМ коопсуздук чараларын күчөттү
Жогорку Кеңеш бир пикирге келе албай, маселе жылды
30.12.2021 | 15:01
Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңеш төраганын орун басарларынын санын тактап, бир чечимге келе албай калды. Түшкө чейин төраганын орун басарларынын саны менен кошо комитеттердин аталыштары жана саны талашка түштү.
Андан соң түшкү экиге чейин тыныгуу жарыяланып, бирок, саат үчкө чукулдап калганда депутаттар чогулганы менен спикер Мамытов жаңы жылдан кийин, тагыраагы 12-январда маселе каралаарын жар салды.
Буга чейин Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлүп комитеттер менен вице-спикердин санын аныктаган болчу. Ага ылайык 4 вице, 7 комитет болмок. Бирок, бул сунуштар көпчүлүктөн колдоо таба албай, бирдиктүү чечим кабыл ала алышкан жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат