Балыкчыда ЖККУнун «Рубеж-2025» машыгуулары өтүүдөЫсык-Көлдө Toyota RAV4 казылган аңга түшүп кеттиЖанар Акаев Бишкек унаа тыгындарын жеңил поезд менен чечүүнү сунуштадыКыргызстан менен Кытай биргелешип металл буюмдарын чыгаруучу завод курууну пландоодоКыргызстанда дыйкандарга лизинг аркылуу техника берилүүдөБуту кесилген 14 жаштагы кыздын окуясы. Акыйкатчы мамлекеттик органдарга кайрылды
Жүргүнчүлөр Бишкек-Дубай каттамы эки күндөн бери кечигип жатканын айтышууда – видео
30.12.2021 | 17:59
Flydubai авиакомпаниясынын Бишкек-Дубай каттамындагы жүргүнчүлөр рейс кечигип, эки күндөн бери “Манас” аэропортунда турушат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жүргүнчүлөр билдиришти.
Авиакомпаниянын өкүлдөрү жүргүнчүлөргө тумандан улам рейс кечигип жатканын айтышты.
«Эки күндөн бери Бишкектен Дубайга учак жөнөтпөй жатышат. Алгач аба ырайы начар болчу, бирок бүгүн туман жок», – дешти жүргүнчүлөр.
Ошол эле учурда көпчүлүк жүргүнчүлөр мейманканаларга алдын ала төлөнгөн каражатын күн сайын жоготушууда. Анткени алар белгилүү бир даталар үчүн мейманкаларга акча төлөп коюшкан.
Ошол эле учурда башка авиакомпаниялардын учактары да каттайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом