3-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстан АКШны жеңди: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктарЖогорку Кеңеште иттерди атууга тыюу салып, чиптештирүүнү киргизүү сунушталуудаКөчмөндөр оюндарынан кийин Голливуд Кыргызстанда тасма тартууну пландап жатат — Ассоль МолдокматоваЖККУнун башкы катчысы КР Коргоо министрлигинин башчысы менен алдыдагы машыгууларды талкуулады«Голливуд жылдыздары таң калууда»: Молдокматова Көчмөндөр оюндарынын масштабына баа берди
Маданият министри Орусиядагы кыргыздарга кайрылуу жасады (ВИДЕО)
30.12.2021 | 17:26
Кыргызстандык Александр Волкодав бүгүн орусиялык “Голос” теле долбоорунун жыйынтыктоочу финалына катышкандыгына байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Орусиядагы жалпы кыргызстандыктарга кайрылып, кыргызстандык Александр Волкодавга добуш берүүгө үндөдү.
Теле көрсөтүү Москва убактысы боюнча 21.30 (Бишкек убактысы боюнча 00.30) түз эфирде көрсөтүлөт.
Атайын добуш аркылуу жеңүүчү аныкталат. Александр Волкодавдын номери 4447. Орусиянын байланыш операторлорунун абоненттери гана SMS жөнөтө алышат. Бир номерден беш билдирүү жөнөтсө болот. Биринин баасы 50 рублди түзөт. Атайын линиялар ачылганда гана добуш берүүгө болот. Бардык түшкөн акча кайрымдуулукка жумшалат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат