Салык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилдиVI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын датасы аныкталдыБишкекте түрк мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөтТилемчиликтин жаңы түрү. Эмне үчүн мамлекет башчыларынан үй сурагандар көбөйдү?Казакстанда чет өлкөлүктөрдү реалдуу убакытта көзөмөлдөө системасы иштелип чыгуудаӨзгөн РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
Сардарбек Жумалиев II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды
31.12.2021 | 10:45
Композитор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру Сардарбек Жумалиев менен скульптор Виктор Шестопал II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
“Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар