Айыл чарба министрлиги: Кунарсыз жерлерди өздөштүрүүнү каалагандарга колдоо көрсөтүлөтТашиев: Мага бир нече жолу кол салуу болдуЖер жайнаган долларлар. Укук коргоо кызматкерлери 400 миң доллар пара менен кармалдыКыргызстанда 2030-жылга карата орточо айлык 62 миң сомго жетет – Каржы министрлигиКаржы министри Дүйнөлүк банктын өкүлү менен 101,5 млн кредит берүү маселесин талкууладыКой-Таштагы офицерлер акча талап кылып кармалды
Президент Мамкаттоонун 10 жылдык юбилейи менен куттуктады
25.10.2019 | 10:57
Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 25-октябрда, Президентинин аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада окуду.
“Элге ыңгайлуу кызмат көрсөтүү аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматы — калк менен өтө тыгыз иштеген мамлекеттик орган болуп калды. Каттоо кызматы калкты биометрикалык каттоо боюнча улуттук өнөктүктү жүргүзүү иштерине олуттуу салым кошту. Шайлоочулардын сапаттуу электрондук тизмесин түзүү менен өлкөбүздө демократияны өнүктүрүү ишине чоң көмөк көрсөттү”, – деп жазылат мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом