Садыр Жапаров Ош жана Новопокровкадагы кырсыктарда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айттыОшто өрттөн 5 баласы менен каза болгон аялдын күйөөсү Түштүк Кореяда иштеп жүргөнИИМ сексуалдык ыдык үчүн камакка алуу жазасын киргизүүнү сунуштадыБишкекте бир суткада 50 айдоочу айдоочулук күбөлүксүз унаа башкарганы үчүн кармалдыШайлоо-2025: Кыргызстанга ЕККУнун байкоо миссиясынын өкүлдөрү келдиНовопокровкадагы трагедия: жарылуудан заводдун эки кызматкери каза болду
Бишкекте бир жумада 42 мас айдоочу кармалды
18.01.2022 | 09:39
Бир жуманын ичинде Бишкекте мас абалындагы 42 айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 5 миң 14 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. 11 айдоочу караңгылатылган унаа айдап бара жаткан, 23 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок токтотулган, 2 айдоочу жасалма номур менен унаа башкарган, 157 жөө жүргүнчү жана велосипедченге да айып пул салынган, 4779 башка эреже бузуулар боюнча айып пул салынган.
Патрулдун кызматкерлери жарандардан өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жол эрежесин так сактоону суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом