Дастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБоливияда 100 жыл ичинде алгач ирет жапайы мышыктын жаңы түрү ачылды
Бишкекте бир жумада 42 мас айдоочу кармалды
18.01.2022 | 09:39
Бир жуманын ичинде Бишкекте мас абалындагы 42 айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 5 миң 14 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. 11 айдоочу караңгылатылган унаа айдап бара жаткан, 23 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок токтотулган, 2 айдоочу жасалма номур менен унаа башкарган, 157 жөө жүргүнчү жана велосипедченге да айып пул салынган, 4779 башка эреже бузуулар боюнча айып пул салынган.
Патрулдун кызматкерлери жарандардан өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жол эрежесин так сактоону суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом