Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди
Бишкекте коронавирустан улам бала бакчалар жабыла баштады
18.01.2022 | 12:37
Билим берүү мекемелеринде коронавирустан улам Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун буйругуна ылайык, 13 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, онлайн окууга өткөн мектептер: №26, №88, №62, No 60, № 73, № 12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6.
Ошондой эле, No135 мектепке чейинки билим берүү мекеме, ал эми No144 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тайпа жабылат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы окуучулардын сабакка катышуусун күн сайын көзөмөлдөп турат, мектептерде окуу процесси коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин бекитилген алгоритми боюнча так жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар