Санкт-Петербургда автосервистин нааразы болгон кардары кыргызстандыкты атып салган — видео

Санкт-Петербургда автосервистин нааразы болгон кардары кыргызстандыкты атып салган — видео

16-январга караган түнү Санкт-Петербургда атышуу болуп, анын кесепетинен кыргызстандык жаран оң жаагынан жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул тууралуу «Фонтанка» басылмасы билдирди.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, атышуу түнкү саат төрт жарымдар чамасында болгон. 41 жаштагы унаа оңдоочу жумушчу кардардын үйүнө унаа оңдоп-түзөө иштеринин баасына байланыштуу чырды чечүү үчүн келген. Кардар алгач аны түртүп чыгарып, ал бурулган маалда белгисиз куралдан ок чыгарган.

Жабырлануучу ооруканага жаткырылган, абалы канааттандырарлык.

Ошол эле күнү саат 19:30дар чамасында кылмышка шектүү адам кармалган. Ал 46 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыкты. Андан «Пионер» өзүн-өзү коргоо куралы алынган. Ал бейбаштык беренеси боюнча айыпталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>