Акыйкатчы институту Тажикстанда соттолгон эки кыргызстандыкты экстрадициялоону суранууда

Акыйкатчы институту Тажикстанда соттолгон эки кыргызстандыкты экстрадициялоону суранууда

Акыйкатчы институту Кыргызстандын соттолгон эки жаранын Тажикстандан экстрадициялоо боюнча Башкы прокурорго кайрылды. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Лейлек районунун тургундары Акыйкатчынын орун басары А.Колоповго жардам сурап кайрылышкан, алар 2021-жылдын 16-сентябрында Тажикстандын УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын эки жараны кармалганын билдирген.

«Акыркы маалыматтар боюнча, аларга карата биринчи инстанциядагы соттун өкүмү чыгып, ага ылайык С.А. 18 жылга кесилип, Н.С. 2 жылга эркинен ажыратылган. Соттолгондор өздөрүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук, негизсиз деп эсептеп, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берүүдөн баш тартышты», — деп жазат басма сөз кызматы.

Акыйкатчы институту Кыргыз Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-январындагы №9 токтомуна ылайык жогоруда аталган адамдарды экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасына кайрылган «Соттолгондорду жазаны андан ары өтөө үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүнө которуу жөнүндө конвенцияны бекитүү тууралуу».

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>