Балык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайтАдилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалдыКоргоо ордерине карабай, жубайына зомбулук көрсөткөн. Бишкекте 49 жаштагы жаран кармалдыЭксперт: ЖК Төрагасы кызматына аялдын дайындалышы өлкө үчүн «турукташтыруучу фактор» болушу мүмкүнАймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилди
Акылбек Жапаров: Электр кырсыгы Кыргызстандын аймагында болгон жок
25.01.2022 | 16:07
Электр кырсыгы Кыргызстандын аймагында болбогонун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал журналисттин суроосуна өзбек тарап электр энергиясынын өчүрүлүшүнө Кыргыз Республикасындагы авария себеп болгон деп эсептеп жатканын билдирди.
«Биз Кыргызстанда болбогонун көрсөтүп, далилдей алабыз. Кайсы жерде жана эмне себептен болгонун үч өлкөнүн өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия аныктайт. Мындай коркунучка биринчи жолу туш болдук», – деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 12.00дөр чамасында электр тармагында авария болгон. Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом