Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкек: Лифтте калган 45 киши куткарылды
25.01.2022 | 15:54
Бишкек шаарында электр энегрясы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу “Бишкек жылуулук”, “Бишкексвет”, “Бишкекшаарлифт” , “Бишкек суу” ишканалары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул туурасында калаа бийлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул буйрук шаарда жарыкка байланышкан абал турукташканга чейин күчүндө болору айтылды. Башкалаадагы үйлөрдө лифтте калып калган 45 киши куткарылды.
Борбор Азиядагы электр энергия тутумунан кеткен мүчүлүштүктөн улам электр жарыгы өчкөнү кабарланууда. Ушул тапта калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бишкекте жана башка аймактарда электр энергия калыбына келип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар