Венесуэла өзгөчө абал киргизип, АКШны аскердик агрессияга айыптадыМайлуу-Суу лампа заводунун жумушчуларынын айлык карызы январдын аягына чейин төлөнөтКыргызстандыктар физиологиялык муктаждыктар үчүн суткасына 11 саат коротушатЕвразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталды
Тажик чек арачылары Кыргызстан тарапка ок атууда – видео
27.01.2022 | 21:10
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:35те тажик тарап курал колдоно баштаган. Баткен районунун Чир-Дөбө аймагында Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүнө ок чыгарган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
“Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин бөлүктөрү ортосундагы негизги атышуулар Төрт-Көчө жана Чир-Дөбө аймактарында жүрүп жатат. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда”, — деп жазат басма сөз кызматы.
Буга чейин саат 18:30да Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгү Тажикстандын жарандары тарабынан жабылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин саат 19:30да жол кыймыл үчүн ачылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом