Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргыз-Тажик чек арасы: Жай тургундар эвакуацияланууда
27.01.2022 | 21:23
Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп жаткан айылдарда жай тургундарды эвакуациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Баткен районунун Рават айылында адамдарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Көбүнчө аялдар менен балдар чыгарылууда.
Кошумчалай кетсек, Көк-Таш айылынын жергиликтүү тургундары да айылда атышуу болуп жатканын билдиришкен. Эл жер төлөлөргө жашынган, электр жарыгы жок.
Бүгүн саат 18:00дөр чамасында тажик чек арачылары Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагындагы тилкесин тосуп алышып, саат 19.30да жолду ачышкан.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:35те тажик тарап курал колдонгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом