Тажикстандын аскерлери Баткен-Исфана жолун тосуп алышты

Тажикстандын аскерлери Баткен-Исфана жолун тосуп алышты

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч. Мындай маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

27-январь күнү саат 17:30да Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек арачылары Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн бир тараптуу тосушкан.

Чек ара кызматы аталган жерге УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы полковник Рустам Миршакиров жөнөп кеткенин билдирди. Баткен облусундагы чек аранын бул тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

«Кыргызстандын УКМК кызматкерлери кырдаалга мониторинг жүргүзүп, абалды басаңдатуу боюнча чараларды көрүүдө», — деп жазат басма сөз кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>