Ошто жеке үйдөгү өрттөн үч бала каза болду, алардын атасы ооруканадаУлуттук банк жасалма QR-коддор менен алдамчылык тууралуу эскерттиКыргызстанда бизнести санитардык текшерүүнү 2028-жылдан тарта видеого тартуу сунушталуудаБишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы көпүрөгө мурдагы министрдин ысымын берүү сунушталууда — долбоор15-ноябрга карата аба ырайы: эртең менен туман, тоолордо кар жаайтКыргызстанда 93 соода борбору иштейт, алардын дээрлик жарымы Бишкекте
Тажик чек арачылары Кыргызстан тарапка ок атууда – видео
27.01.2022 | 21:10
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:35те тажик тарап курал колдоно баштаган. Баткен районунун Чир-Дөбө аймагында Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүнө ок чыгарган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
“Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин бөлүктөрү ортосундагы негизги атышуулар Төрт-Көчө жана Чир-Дөбө аймактарында жүрүп жатат. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда”, — деп жазат басма сөз кызматы.
Буга чейин саат 18:30да Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгү Тажикстандын жарандары тарабынан жабылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин саат 19:30да жол кыймыл үчүн ачылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом