Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Ипотекалык насыянын жылдык пайызы 4%га чейин төмөндөтүлдү
04.02.2022 | 10:15
Министрлер кабинети “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын өлчөмүн 5,3 миллиард сомго чейин көбөйттү. Минкабтын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул келечекте мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүү үчүн тышкы рынокто кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.
2021-жылдын октябрь айынан тарта мурда берилген ипотекалык насыялар боюнча көпчүлүк коммерциялык банктар менен ипотекалык кредиттердин жылдык пайыздык чендерин 6-8%дан 4-6%га чейин төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 31-декабрына карата 1 миң 567 млн сом суммасындагы ипотекалык насыя берилип, 732 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика