Нурлан Шаршеналиев Бишкек шаарынын вице-мэри болду

Нурлан Шаршеналиев Бишкек шаарынын вице-мэри болду

Борбор калаанын мэри Нурлан Шаршеналиевди  Бишкек шаарынын вице-мэри кызматына дайындады. Бул туурасында баш калаанын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин мэр Таалайбек Орозовду башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу вице-мэрлик кызматынан бошоткон.

Нурлан Шаршеналиев Кемин районунан 1985-жылы туулган.

Анын экономикалык жана юридикалык жогорку билими бар.

Нурлан Шаршеналиев эмгек жолун борбор калаанын Октябрь райондук администрациясынын каржы бөлүмүндө адис болуп баштап, Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба, уюштуруу иштери, укуктук камсыздоо жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрүндө иштеген.

Белгилей кетсек, жаңы вице-мэр Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап, кийин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болгон.

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, КР энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болгон.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>