7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктады
Болот Темиров боюнча видеону тараткан милиция кызматкерлери жазаланды
09.02.2022 | 14:01
Журналист Болот Темиров анализ тапшырган наркологиядагы видеону тараткан милиция кызматкерлери жазаланды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 9-февралда маалымат жыйында билдирди.
Милиция кызматкерлери кандай жазага тартылганын башкы прокурор тактаган жок.
Ал ошондой эле кимдир-бирөөлөр социалдык тармактарга жарыялаган Темиров Live компаниясынын кызматкеринин жеке жашоосун чагылдырган видеону прокуратура текшерип жатканына токтолду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом