Башкы прокурор эжеси каржы пирамиданын курмандыгы болгонун айтты

Башкы прокурор эжеси каржы пирамиданын курмандыгы болгонун айтты

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин эжеси каржы пирамидасынын курмандыгы болду. Бул тууралуу Зулушев өзү маалымат жыйында тастыктады.

Анын айтымында, ал уулу менен бирге «Голден Кэш» деген пирамидага 30 миң доллардай акча салган.

«Оштогу эжем 15 жылдан бери жеке клиниканы жетектейт. Мен ага арыз жаз деп айткам, бирок эжем андай кылган жок, ал мындай учурда акча кайтарылбайт деп эсептейт», — деди Курманкул Зулушев.

«Украинанын жарандары Өзбекстанда, Казакстанда, Кыргызстанда каржы пирамидасын ачышкан. Бул пирамидага кирүүгө үгүттөгөн Бишкектеги кеңседе үч адам иштеген. Алардын арасында Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаеванын кызы да болгон. Ал камакта. Бул пирамидадан бир топ киши жабыркаган. Токбаеванын кызынын үстүнөн дагы деле арыздар түшүүдө», — деди Курманкул Зулушев. Ошондой эле жактоочу жана каржы пирамидасынын эсепчиси кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>