Лифттерди жана трансформаторлорду кураштыруу: Кыргызстан менен Беларусь ушул жылы биргелешкен өндүрүштөрдү ишке киргизүүнү пландаштыруудаКыргызстан менен Того инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдашууга кол коюштуҮч жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилди — кенен маалыматДепутат «Архстройгрупп» компаниясынын үлүшчүлөрү боюнча маселени жабууну талап кылдыБишкекте «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берилдиКазакстан жарым жылга тоок жумурткасын импорттоого тыюу салды — анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн да
Жалал-Абад: Кар көчкүдө калган 4 киши табыла элек
15.02.2022 | 10:30
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда иштеп жүргөн 4 кишиге кар көчкү басып калып, азыркыга чейин табылбай жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 14-февраль күнү 12:30 чамасында Тогуз районуна караштуу Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү Нива, жүктөгүч жана 2 экскаватор унааларын басып калып, 3 киши дайынсыз болгону кабарланган.
Бүгүн, 15-февралга карата маалыматка караганда, кар көчкүнүн астында 4 киши калып, табылбай жатат.
Учурда издөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар