Кыргызстан менен Того инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдашууга кол коюшту

29.04.2026 | 15:15

Бүгүн, 29-апрелде, Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Того Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосунда инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Документ Того мамлекетинин Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугушуусунда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, бул документ эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө жана инвесторлор үчүн укуктук кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Африка континентиндеги өлкөлөр менен кызматташууга маани берерин жана Тогону аймактагы өнөктөш катары караарын белгиледи.

Scroll to Top