Депутат «Архстройгрупп» компаниясынын үлүшчүлөрү боюнча маселени жабууну талап кылды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев «Архстройгрупп» курулуш компаниясынын алданып калган үлүшчүлөрү боюнча маселени көтөрдү.
Анын айтымында, 100гө жакын үй-бүлө 10 жылдан ашык убакыттан бери батирлерин ала албай келет, бирок алар турак жай үчүн акча төлөп беришкен. Кээ бир объекттер бүтпөй калган, ал эми «Ортосай» турак жай комплексиндеги бир үй курулуштагы мыйзам бузуулардан улам буздурулган. Аалы Токомбаев көчөсү, 9Д дарегиндеги үй да курулбай калгандыктан, үлүшчүлөр турак жайсыз жана акчасыз калган.
Депутат соттук териштирүүлөр уланууда, бирок компаниянын негиздөөчүлөрүнүн аракеттерине азыркыга чейин укуктук баа берилбей жатканын белгиледи.
«Укук коргоо органдары жана соттор эмне үчүн ушунча узак карап жатканын түшүндүрүшү керек. Акыры жоопкерчиликке тартып, үлүшчүлөрдүн акчасы кайда кеткенин тактоо зарыл. 11 жыл өттү, бирок адамдар дагы деле алданып отурушат — муну токтотууга убакыт жетти», — деди Бекешев.
Ал тиешелүү органдарды тергөө иштерин тездетүүгө жана акыркы чечим чыгарууга чакырды.