Үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилди — кенен маалымат
Жогорку Кеңешке үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпул тууралуу мыйзам долбоору кароого киргизилди. Документ парламенттин сайтына жайгаштырылды.
Долбоорго ылайык, балдар төрөлгөн күндөн тартып үч жашка толгонго чейин ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» (1200 сом) жөлөкпулун киргизүү сунушталууда. Эки же андан көп бала төрөлгөн учурда төлөм ар бир балага берилет.
Белгиленгендей, жөлөкпул алуу укугуна жарандар мамлекеттик колдоонун башка түрлөрүн алганына карабастан ээ болушат (бийик тоолуу аймактардын тургундары үчүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулдан тышкары).
Мыйзам долбоорунда ошондой эле жөлөкпул бала аны алуучу менен чогуу жашаган учурда чегерилери такталган. Төлөм алуу үчүн кайрылуу мөөнөтү бала төрөлгөндөн баштап үч жашка толгонго чейинки мезгил менен чектелет. Мындан тышкары, документ башка жөлөкпулдарды, анын ичинде «Бала Береке» жана «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» төлөмдөрүн чектөө жана төлөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизет.
«Бала ырысы» жөлөкпулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга берилери сунушталууда.
Эгерде мыйзам кабыл алынса, ал 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. Министрлер Кабинетине бир айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды жаңы ченемдерге шайкеш келтирүү тапшырылды.