Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Олимп оюндары: Бүгүн Максим Гордеев мелдешке чыкты
16.02.2022 | 09:29
Кыргызстандык тоо лыжачысы Максим Гордеев Пекинде өтүп жаткан Олимпиадада бүгүн мелдешке чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи аракет Бишкек убактысы боюнча саат 8.15те башталган. Экинчиси 11.45ке белгиленген.
Эки аракетти эң ылдам өткөн адам жеңүүчү болот. Слалом боюнча эркектер арасында жалпысынан 88 спортчу катышууда. Максим Гордеев 81 номуру астында.
Эске салсак, Олимпиадага Кыргызстандын атынан жалгыз спортчу Максим Гордеев жана анын машыктыруучусу Игорь Борисов кеткен. Мындан тышкары миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, УОКтун президенти Садыр Мамытов жана башкы катчы Кылычбек Сарбагышев бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт