Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Онлайн конвертацияда доллардын баасы 95 сомго жетти
24.02.2022 | 15:37
Сомдун АКШ долларына карата расмий курсу Улуттук банк тарабынан 1 доллар үчүн 84,8 сом деп белгиленген. Көпчүлүк акча алмашуу бюролору жана коммерциялык банктар сатуу курсун 84,9 сом деп белгилешкен.
Ошол эле учурда социалдык тармактардын колдонуучуларынын айтымында, банктын бир катар бөлүмдөрүндө чет элдик валютага байланыштуу чыңалуу байкалууда.
Ал эми «Оптима Банк» сайтында жарыяланган маалыматка караганда, АКШ долларын накталай сатууну толугу менен токтотту, сатып алуу курсу белгиленген, бирок сатуу жок.
Банктардын мобилдик тиркемелеринде сомду долларга алмаштырууга келсек, алардын айрымдарында америкалык валютаны сатып алуу 1 доллар үчүн 95 сомдон белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика