7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Орусиядагы элчилик кыргыз жарандарына айдоочулук күбөлүк бере баштады
25.02.2022 | 09:54
Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргызстандыктарга алгач ирет айдоочулук күбөлүктөр берилди. Бул туууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, күбөлүктөрдү Екатеринбург шаарындагы башкы консул Руслан Бийбосунов тапшырды.Башкы консулдук Орусиянын Урал аймагында жүргөн кыргызстандыктарга улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн документтерди 2022-жылдын 17-январынан тарта кабыл ала баштаган. Ошол убакыттан бери кабыл алынган документтердин негизинде айдоочулук күбѳлүктѳр Бишкекте жасалып, алгачкылары Екатеринбургдагы Кыргызстандын консулдук мекемесине келе баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар