Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Депутат Ашимованын кызы кино фестивалда биринчи орунга ээ болду
03.03.2022 | 13:15
Кыргызстандык Мадина Исмаилова Кыска метраждуу фильмдердин Рим фестивалында “Түнкү басырык” (Ночная ведьма) тасмасы менен биринчи орунду жеңип алды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Мадина Исмаилова – “Ыйман нуру” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Динара Ашимованын кызы. Голливудда атайын билим алып, тажрыйбасын арттырган Мадина, бүгүнкү күндө, АКШнын Лос-Анжелс шаарында эки кинокомпанияда оператор катары эмгектенүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар