Укук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылдыТамак-аштагы курттар. Бишкектеги мектепте ызы-чуу чыкты
Акыркы аптада Кыргызстанда кумшекер 24,45% га кымбаттады
17.03.2022 | 10:02
Акыркы бир жумада Кыргызстанда кумшекер 24,45 пайызга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
9-мартта продукциянын өздүк наркы 74 сом 645 тыйын болсо, 16-мартта 92,89 сомго көтөрүлгөн. Мында канттын баасы эң көп Манас районунун Покровка айылында (39,61 пайызга, же 28,37 сомго), ошондой эле Балыкчыда (38,06 пайызга же 26,64 сомго) жана Жалал-Абадда (37 пайызга же 29,51 сомго) кымбаттады. Баанын минималдуу өсүшү Ош шаарында (3,28 пайызга же 2,54 сомго) жана Токмокто (7,15 пайызга же 5,22 сомго) катталган.
Ошол эле учурда Өзгөн жана Кербен шаарларында канттын баасы өзгөргөн жок. Ал жактагы баа 75 сом боюнча турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика