Ат-Башыда банк кызматкери Ак-Сайга барып, кайра келе албай калды

Ат-Башыда банк кызматкери Ак-Сайга барып, кайра келе албай калды

11-март күнү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жергиликтүү банктын кызматкери (1994-ж.т. А уулу А. аттуу эркек киши) насыя берүү үчүн кардардын үй-шартын жана мүлкүн көрүүгө Ак-Сай өрөөнүнө жалпы 4 адам кетип кайра кайтып келген эмес. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 15-март күнү куткаруучуларга аталган кызматкердин туугандары кат менен кайрылып издеп берүүнү суранган. 16-март күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ат-Башы райондук 3 куткаруучу тартылып, Ак-Сай өрөөнүндө кар калың жаап (70см), жол жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан «Көк-Аргын» заставасына жетип түнөккө калышты.

Ошондой эле изделип жаткан жарандар байланышка чыгып, Ак-Сай өрөөнүндөгү Культ-Центр тилкесинде жергиликтүү тургундун үйүндө жайгашканын, ал эми сарайдын ээси үйүндө калганын билдирген.

Учурда унаа жолду тазалоо иштерине техника каралууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>