Токтошев: Катаал шарттагылардын пенсиясы менен айлыктарына акча кошулбай жатат

Токтошев: Катаал шарттагылардын пенсиясы менен айлыктарына акча кошулбай жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев бийик тоолу шартта жашаган жарандардын пенсиясы менен эмгек акысына компенсация төлөп берүү боюнча мыйзамдын ишке ашпай жатканына нааразы болуп, маселени чечип берүүнү суранды.

“Бийик тоолу шартта жашаган жарандардын пенсиясы менен эмгек акысына компенсация төлөп берүү боюнча мыйзам бар. Бул мыйзам толук кандуу иштебей жатат. Ушул парламентте бул маселени бир нече жолу айтып чыктым, башка депутаттар да маселени көтөрдү. Бирок, кат кетип, сөз боюнча эле калып калып жатат. Урматтуу төрага, бул көйгөй бир гана Кара-Кулжада эмес, Нарында, Ысык-Көлдө башка аймактарда да ушундай. Техникалык себептер менен жаңы статус алган айылдар кирбей калган. Ошол себептен тиешелүү комитетке тапшырма берип, бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алалы”- деп кайрылды спикерге.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>