Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Ош: Учкун айылындагы 15 турак жай коопсуз жайга көчүрүлдү
21.03.2022 | 10:01
Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылдык өкмөтүнүн Учкун айылындагы жер көчкү коркунучунда жашап жаткан 15 турак-жайды убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери жана өздүк курамы менен чатыр шаарчасы уюштурулду.
Кооптуу участкадан коопсуз жерге чыгуу боюнча Жарандык коргонуу комиссиясы тарабын 2022-жылдын 4-март күнү жеринде эскертилип ар бирине эскертүү кагаздары берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар