COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
REPORTER.KG кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт
21.03.2022 | 10:04
Нооруз жаңылануунун, жаңыруунун, жаздын майрамы. Табият жанданып, кыш уйкусунан ойгонот, жан-жаныбарлар төлдөп, дарактар бүчүр байлап, көктөм чыгат. Айлана көрккө бөлөнө баштайт. Бул учурда адам баласы да жанданып, жер айдап, эгинин эгет.
“Өлбөгөн жанга жаз келет” деп, бекеринен айтылбаса керек. Кыргыздар ар качан жазды сүйүнүч, үмүт менен күтүшкөн. Анткени Нооруз теңдиктин, тең бөлүшүүнүн, ынтымактын, кайрымдуулуктун майрамы
REPORTER.KG бардык кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт! Ар бир үйдө ырыскы, бактылуулук болсун. Өлкөбүздө тынчтыктын ыры жаңырып турсун.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом