Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
ТИМ: Кытайда кырсыкка учураган учакта кыргыз жарандары жок
22.03.2022 | 09:16
Кытайда кырсыкка учураган учактын ичиндегилер арасында кыргызстандык жарандар жок экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдуктун маалыматына таянып билдирди.
21-мартта Кытайдын түштүк жагында China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы кулаганын өлкөнүн Борбордук телеканалы кабарлаган.
Учакта 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар экени маалымдалган, алар тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Баштапкы кабарларга караганда, учак Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Окуя болгон жерде өрт чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом