Маданият министринин биринчи орун басары болуп Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалдыКыргызстандын финансы сектору тогуз айда 37 миллиард сом пайда таптыБишкекте электробусту токтотууга аракет кылып жатып, айдоочу каза болдуКыргызстандын банктары тогуз айда 470 миллиард сомдук насыя берди«Студенттерди кармап калбай, тартуу керек»: «СКОЛКОВОдогу» борбордун башчысы ЖОЖдор тууралуу Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды
ТИМ: Кытайда кырсыкка учураган учакта кыргыз жарандары жок
22.03.2022 | 09:16
Кытайда кырсыкка учураган учактын ичиндегилер арасында кыргызстандык жарандар жок экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдуктун маалыматына таянып билдирди.
21-мартта Кытайдын түштүк жагында China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы кулаганын өлкөнүн Борбордук телеканалы кабарлаган.
Учакта 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар экени маалымдалган, алар тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Баштапкы кабарларга караганда, учак Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Окуя болгон жерде өрт чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом