Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилди
Жогорку Кеңеште Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров демилгелеген «Референдум жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзамдын долбоору катталды.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, документ мыйзамдарды 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Учурдагы 2016-жылдын 31-октябрындагы мыйзамда мамлекеттик түзүлүштүн жаңыланган конституциялык моделине, элдик бийлик принциптерине жана бийлик органовдорунун компетенттүүлүгүнө шайкеш келбеген ченемдер камтылганы белгиленет.
Мыйзам долбоору референдумду дайындоого, даярдоого жана өткөрүүгө катышкан органдардын, анын ичинде президенттин, Жогорку Кеңештин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын статусун жана ыйгарым укуктарын тактайт.
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири референдумду дайындоо тартибине тиешелүү.
Алсак, жаңы редакцияда бул укук президентке берилет. Президент референдумду өз демилгеси менен, 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси же парламенттин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин сунушу боюнча дайындай алат. Ошондой эле демилгени кароо мөөнөттөрүн өзгөртүү сунушталууда. Эгерде иштеп жаткан мыйзамда бир айдан үч айга чейинки убакыт белгиленсе, жаңы редакцияда мындай мөөнөттөр жазылган эмес.
Мындан тышкары, долбоор төмөнкүлөрдү караштырат:
- онлайн жана офлайн форматтарда референдумдун катышуучуларын идентификациялоо процедураларын тактоо;
- аралыктан жана электрондук добуш берүү түшүнүктөрүн киргизүү;
- коомдук байкоочулардын статусун белгилөө;
- эгерде шайлоочулардын катышуусу 30 пайыздан ашса жана катышуучулардын жарымынан көбү макулдугун берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелүүчү ченемди киргизүү;
- референдумду колдогондордун жана ага каршы болгондордун фонддорун түзүү жана каржылоо тартибин жөнгө салуу.
Жаңы мыйзам кабыл алынган учурда, 2016-жылдын 31-октябрындагы иштеп жаткан мыйзам жана 2019-жылдын 8-августундагы өзгөртүүлөр өз күчүн жоготту деп таанылат.