Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Тажик жарандары тартып алган курал-жарак Кыргызстанга кайтарылды
25.03.2022 | 09:31
24-март күнү саат 18.50 Арка-Борбордук унаа жолунун аймагында Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, натыйжада тартылып алынган курал-жарак кайтарылды. Бул туурасында Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуунун жыйынтыгында тажик тарап кыргыз тарапка тажик жарандары тартып алган Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин АК-74 автоматын кайтарып беришти.
Ошондой эле тажик тарап радиостанция издөөнү уланта турганын билдирди.
24-марттын саат 22.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.
Буга чейин кыргыз-чек ара тилкесинде ок атылганы кабарланган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар