Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Былтыр чет элдиктер катышкан 250гө жакын кылмыш иши козголгон
22.04.2022 | 15:59
Былтыр чет элдиктер катышкан канча кылмыш катталды? Мындай суроону бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ички иштер министрлигинин өкүлүнө берди.
Фракция жыйынында туристтик сезон талкууланып жатат.
“2021-жылы чет элдиктер катышкан 247 кылмыш катталган. Алардын арасында үч киши өлтүрүү фактысы бар. Анын ичинен 230 кылмыштын бети ачылды.Үч адам өлтүрүү, эки зордуктоо, бир факты мыйзамсыз эркинен ажыратуу, 32 адам уурдоо, 7 каракчылык, 128 алдамчылык фактылары», – деди ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов.
Сарыбашов Ички иштер министрлигинен Кыргызстанга келген туристтердин коопсуздугун камсыздоону суранды.